Бишкек ТЭЦтеги авария

26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги чыңалуу эски казан мештерге суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген. Ишкана 26-январда кечинде болгон авария 27-январдын таңында да жөнгө салына электигин маалымдады.