Азия оюндары — 2018

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтсө, анын 32си олимпиадалык, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулат. 

Кыргызстандын атынан 150дөй спортчу спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес оюндар).