Антальяда сабалган кыргызстандык кыз

2016-жылдын декабрь айынын аяк ченинде социалдык тармактарда ооруканада эс-учун билбей жаткан кыздын сүрөтү тараган. Анын жанында эч кандай документи жок, абалы оор экени айтылган. ЖМКлардын маалыматы боюнча кыз ур-токмокко кабылган.

Кийинчерээк кыргызстандык кызды сабаган деген шек менен Түркияда эки киши кармалган.