Өспүрүмдөр менен никелешүүгө тыюу салган мыйзам долбоору

Депутат Аида Салянованын Үй-бүлө жана Кылмыш кодекстерине өзгөртүү киргизүү боюнча демилгеси парламентте колдоо тапкан жок. Айрым депутаттар мыйзам чийки экенин билдиришүүдө. 

Салянованын айтымында, жашы жете элек кыздар менен никелешүүгө бөгөт коюу алардын эркек тараптан зордук-зомбулукка кабылышынын алдын алмак.