Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү

Кыргызстандыктарды селейткен окуя 27 жаштагы Айзада Канатбекованын чак түштө уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү болду. Видеодон үч адамдын кызды күчтөп автоунаага салып кеткенин көрүүгө болот. Айзаданы 5-апрелде эртең менен уурдашкан. Эки күндөн кийин Бишкекке жакын жерден кыздын жана аны ала качкан кишинин сөөгү табылган. Милициянын алдын ала билдиргенине караганда, ал Айзаданы муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүнө кол салган.