Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы

2-июнь күнү эртең менен Бишкек шаарында маршруткалардын айдоочулары ишке чыккан жок. Жүргүнчү ташыган микроавтобустардын айдоочулары шаардык кеңеш менен мэрия жол кире акысын жогорулатпай жатканына нааразы. Көйгөй жыл башыннда эле башталган. 18-19-январында айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай, жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылышкан. Анда мэрия маселени чечип берерин убадалаган эле.