Казакстанда 52 өзбек жараны менен күйүп кеткен автобус

18-январь күнү Самара — Шымкент унаа жолунда, тагыраагы, Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп кеткен. Ичиндеги 57 адамдын бешөө гана аман калып, калган 52 киши каза тапкан. Тирүү калгандардын үчөө — айдоочу, казак жарандары. Экөө өзбектандык жүргүнчүлөр. Алгач Казактан ИИМи кырсыкты кокустук катары баалаган.