Мухаммедкалый Абулгазиевдин өкмөт башчылыгына дайындалышы

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы премьер-министрликке Мухаммедкалый Абулгазиевдин талапкерлигин көрсөттү. Андан соң аны көпчүлүк коалиция да жактырган. 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын өткөрүп жаңы өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын карайт.