Казакстанда катталган ири жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандары каза болду

Жамбыл облусунун Мойынкум районунда Алматы – Екатеринбург автожолунун 487-чакырымында 19-апрелде ири жол кырсыгы катталды. "Газель-2705" автоунаасы менен "Мерседес-Бенц Спринтер" микроавтобусу кагышкан. ӨКМдин алдын ала берген маалыматына ылайык, жол кырсыктан 15тен көп Кыргызстандын жараны каза болгон.