БУУ комитети Кыргызстанды Азимжан Аскаровду бошотууга чакырды

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Азимжан Аскаровду түрмөдөн бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууга чакырды. Аскаров — улут аралык мамилелерди козуткан деп айыпталган. Былтыр бул маселенин айынан АКШ менен КРдин дипломатиялык мамилесине көлөкө түшкөн.