Монсон менен Сыргабаевдин Бишкектеги беттеши

Бишкекте 2015-жылдын 18-сентябрында Jash Kuch Fighting Championship (JFC) клубу MMA боюнча чемпиондук турнир өткөрдү. Анда АКШдан келген келген MMA боюнча чемпион Жефф Монсон кыргызстандык спортчу, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты менен мушташты. Оюндун жыйынтыгында Замирбек Сыргабаев чемпион деп табылды. Чемпионаттын алкагында Кыргызстандык спортчулар АКШ, Россия, Бразилия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген атаандаштары менен 13 ирет беттешти.