Жаңы коалиция түзүү аракети

Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалициясы түзүлүп, ага КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары кирип, жаңы саясий бирикмеде 68 депутат бар. Ага лидер катары Иса Өмүркулов шайланды.

Эске салсак, буга чейинки көпчүлүк коалицияда КСДП, "Ата Мекен", "Өнүгүү —  Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары бар болчу.