Садыр Жапаровдун сот иши

Экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары 2017-жылы 25-мартта аны колдоп митингге чыгышты. Эртең менен атайын кызмат Жапаровду чек арадан кармап, УКМКга алып келген. Экс-депутаттын тарапташтары аны бошотуу талабы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.