ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар

Укук коргоо органдары Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдү кармап баштады. Кармалгандардын арасында "Электр станциялары" ААКтын башкы директору Узак Кыдырбаев, ТЭЦти модернизациялоо тобун башкарган Темирлан Бримкулов бар. Тийиштүү органдар шектүүлөрдү кармоону улантууда.