Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө

2015-жылы Кыргызстан Бажы биримдигинин мүчөсү болууну пландап жатат. Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү жөнүндөгү мыйзам долбоорлорунун биринчи пакети октябрь айында парламент тарабынан жактырылган. Декабрь айынын аягына чейин Жогорку Кеңеш ББ жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча бардык документтерди карап чыгышы кажет.