Өмүрбек Текебаев камакка алынды

Оппозициячыл Өмүрбек Текебаев жекшемби күнү Венадагы иш сапарынан кайтып келер замат "Манас" аэропортунан кармалып, камакка алынды.

Депутат 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Россиянын телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевскийге MegaCom компаниясын алууга жардам берем деп андан бир миллион доллар алган делип айыпталууда. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгосо, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.