Кыргызстандын муфтийин шайлоо

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси – муфтийди шайлоо болуп өттү. Алгач үч талапкер катталып шайлоого жакын калганда Чубак ажы Жалилов менен Назаралы Арипов жарышка катышуудан баш тартты. Ошентип жети дубандан чогулган делегаттардын колдоосу менен Максат ажы Токтомушев кайрадан муфтий болуп шайланды.