Убактылуу кармоочу жайдан качып чыккандар

Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан “Каракчылык” жана “Адам өлтүрүү” беренелери боюнча камакка алынган төрт киши качып чыккан. Бир күндөн соң качкындардын экөө кармалган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, Сокулук РИИБдин жетекчилиги кызматтан алынган.