Ананьеводогу май куюучу жайдагы жарылуу

19-июнь күнү Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ толтуруучу жай күйүп, кырсыктан ата-бала каза болду. Мындан сырткары, сегиз адам жаракат алып, жетөө ооруканада жатат. Алардын бешөөсүнүн абалы оор.