Түркиянын "Ататүрк" аэропортундагы жардыруу

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунан караган түнү Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунун чет жакка учуу терминалындагы куралдуу кол салуудан 36 киши каза болуп, 150гө жакыны түрдүү жаракаттарды алды. Учурда КР Тышкы министрлиги терактыдан жабыркагандардын арасында кыргызстандык жарандардын бар-жогун аныктап жатат.