Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши

Жекшемби күнү эртең менен Канаданын Эдмонтон шаарында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньес UFC 215 турниринин негизги беттешин өткөрүшөт. Шевченко бул мелдеште жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиондугуна ат салышса, Нуньес бул титулду 2016-жылы декабрда америкалык Ронда Роузини жеңип, ээ болгон.