Тбилисидеги суу каптоо

Тбилисиде ишембиден жекшембиге караган түнү катуу нөшөр мөндүр жана шамал менен коштолду. Натыйжада дарыялар жээктен чыгып, турак үйлөр, жолдор инфраструктура объектилери бузулду. Каза болгондордун саны жок эле дегенде 12ге жетти. Ошондой эле Тбилисинин зоопаркы жабыркап, андагы жаныбарлар, анын ичинде жырткычтар да качып кетишкен. Табияттын кырсыгы алып келген зыян бир нече миллион ларриге жетти (2,2 лари = 1 доллар).