КРдеги элчиликтер теракт болот деп эскертти

Кыргызстандагы АКШнын жана Улуу Британиянын элчиликтери октябрь айында өлкөдө теракты болушу мүмкүндүгү тууралуу өз жарандарына эскертүү берип, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы дипөкүлчүлүктөр аларга алдын ала маалымат бербегенин айтып, учурда айтылган билдирүүлөр боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.