Ирандын АКШнын базасына сокку уруусу

Иран Американын Ирактагы аскерий базасына 2020-жылдын 8-январына караган түнү баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Мындай чабуул Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу болуп саналарын жар салды. Өз кезегинде Вашингтон АКШ аскер адамдарын жана аймактагы союздаштарын коргоо үчүн бардык чараларды көрөрүн айтты.