Июль айындагы адаттан тыш ысык

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-17-июль күндөрү абанын температурасы 45 градуска чейин ысый турганын эскертти. Буга чейин Кыргызгидромет 12-16-июлда өлкө аймагында адаттан тыш ысык болот деп маалымдаган. Адистер ысыктын күнү сыртка жылаң баш чыкпай, суюктукту көп ичүү керектигин белгилешет.