Астанадагы көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты

Казакстанда "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген көкпар (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионаты 21-28-август күндөрү Астананын "Казанат" ат майданында өтүүдө. Ага 11 өлкө катышып жатат. "А" тайпасында Кыргызстан, Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан кирген. Ал эми "В" тайпасында Казакстан, Россия, Венгрия, Кытай жана Афганистан бар.