Кумтөрдө жоголгон эки жумушчу

Кумтөр кенинде жер көчүп, түнкү сменде иштеген эки кызматкер дайынсыз болууда. Аларды компания ӨКМдин куткаруучулары менен бирге издеп жатат. Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да үн катып, бардык күч-аракетти жумшоого тапшырма берген.