Кыргызстандын көк бөрү чемпионаты

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ош облусундагы "Төлөйкөн" ат майданында көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты өтүп жатат. Оюндар 29-октябрда башталып 3-ноябрга чейин уланат. Анда жети облус жана эки шаардын курама командалары күч сынашмакчы. Чемпионаттын жыйынтыгы менен өлкөнүн курама командасы түзүлөт.