Көлдө мамонтко окшош жандыктын баш сөөгү табылды

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн табышкан. Алгач ага көп көңүл бурулбаса, жаздын келиши менен сөөк экени аныкталып, жашоочулар казып алышкан. Учурда көлдүктөр анын мамонт экенине ынанып турушат.