Эстрадалык аткаруучулардын эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы

Эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы биринчи жолу 2013-жылы Ысык-Көлдөгү "Рух Ордо" маданий борборунда өткөн. Фестивалга алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден катышуучулар келет. Быйыл фестивалга катышуу үчүн 40тан ашык мамлекеттен арыз келип, анын ичинен 20 мамлекеттин өкүлдөрү тандалып алынган.