Мойнуна дөңгөлөк илинип кордолгон аял

Социалдык тармакта аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү илип, үстүнөн суу куюп, уруп жаткан эркектин видеосу тараган. Кийин сузактык келин 52 жаштагы күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазып, ал райондук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынган. Көп өтпөй жабырлануучу жолдошун кечиргендигин айтып, кайрадан тосмо арыз жазып берди.