Кызылча дартынын Кыргызстанда жайылышы

2015-жылдын январь айында Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккан 1 миң 778 учур катталган. Бул оорунун кескин түрдө жайылышына башка мамлекеттен келген вирустар жана кээ бир ата-энелердин диний ишенимдеринен улам балдарын эмдетпегени да себеп болууда.