КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев кылмыш жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча шектелип, камакка алынды.

Башкы прокуратура Нарымбаевди экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан 50 миң доллар пара алганын аныктаганын билдирген.

Буга чейин Нарымбаев ага карата айтылган айыптоолорду четке каккан болчу.