Орок айылындагы жаңжал

5-июнь күнү Айт намаздан кийин жаш балдар арасында пикир келишпестик чыгып, мушташа кетишкен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери тартылып, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү келген. Баш-аягы 32 адам кармалып, эки өспүрүм ооруканага түшкөн.