Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүүсү

Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн 2014-жылы жасаган иши боюнча отчет берип, отставкага кете турганын билдирди. Премьер демократиялуу мамлекетте бийликтик монополиясы болбошу керектигин айтып, мамлекетке жаңы көз караш, максат жана амбиция керектигин кошумчалады.