Өзүн алып жүрүүнүн эрежеси

Орду менен сүйлөө, айланадагылар менен сылык мамиледе болуу, жүрүм-турум эрежелерин сактоо — мунун баары адамдын тарбиясынан кабар берет. Маданияттуулук адамга карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө, дос күтүүгө, үй-бүлө курууга жардам берип, жашоону алда канча жеңилдетет.