Ала-Букада баптист делген кемпирди көрүнөн казып чыгаруу

Белгилей кетсек, 2016-жылы октябрь айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сары-Талаа аймагында жергиликтүү тургундар 76 жаштагы кемпирди баптист динин тутунган деп жергиликтүү мүрзөгө көмүүгө уруксат беришкен эмес. Ошентип маркумдун сөөгү үч жолу жерге берилген.

Мүрзөнү казып салуу боюнча беш жаранга кылмыш иши козголгон. Алардын бири 26-декабрда качып жүргөн жеринен Бишкек шаарынан кармалган.