Темир Сариевдин отставкасы

Темир Сариев Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендеринин айланасындагы чырдан улам отставкага кетти. Бул боюнча өкмөттүн чукул жыйыны өтүп, Сариев кызматтан кетип жатканын өзү жар салды. Ал өзүнүн иши тууралуу дайым абийирдүүлүк менен иштеп келгенин айтып, ар-намысын коргоо үчүн "аягына чейин барарын" билдирди.