РФ өкмөтүнүн отставкага кетиши

15-январь күнү Россиянын Дмитрий Медведев башында турган өкмөтү отставкага кетти. Медведевдин айтымында, буга РФ президенти Владимир Путиндин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусундагы Конституцияга киргизилүүчү өзгөрүүлөр себеп болгон.