Тарых музейинин реконструкциясы боюнча чыккан чыр

"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары 25-май күнү Мамлекеттик тарых музейинде көчмө жыйын өткөрүп, жаңы алынган эмеректер менен жабдыктардын баасы өтө кымбат экенин айтышкан. Чыгымдар жүздөгөн еврону чапчыган. Ал эми подрядчы материалдар чет өлкөдөн алынгандыктан кымбатка түшкөнүн билдирген.