Президент Жээнбековдун Германияга болгон сапары

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде эки күндүк расмий сапар менен Германияга учуп кетти. Өлкө башчы Берлинде президент Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлер Ангела Меркель жана Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүчү бир катар документтерге кол коет.