Казакстанда кармалган ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу

Казакстанда 15-16-февралда атайын операция өтүп, 35 киши кармалган. Алардын арасында бажычылар, далдалчылар, ортомчулар, криминал жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен Кыргызстандын үч жараны болгон. Кийинчерээк кармалгандардын арасында депутат Дамирбек Асылбек уулу бар экени тастыкталган.