Таласка жеткен коронавирус

Кыргызстанда 9-июнга чейин бир гана Талас облусу таза аймак деп эсептелип, бир дагы жашоочудан коронавирус табыла элек болчу. Бирок 9-июнда жергиликтүү тургундардын биринен COVID-19 табылды. Маалыматка ылайык, вирус илештирген адам медицина кызматкери.