Ташиев менен Абдыбахаповдун мушташы

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары 26-сентябрда "Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев менен "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахаповдун ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташка чейин жеткенин жазып чыгышкан.

Мушташ боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесине (Байбашчылык) ылайык кылмыш иши козголду.