Франциядагы ири теракт

Францияда ишембиге караган түнү терактылардын сериясы болуп өттү. Париж бир катар коомдук объектилерге кол салган террорчулардын чабуулуна туш болду. Алдын ала маалымат боюнча терактыдан 150гө чукул адам каза болуп, 200дөн ашык киши жарадар болду. Сегиз террорчу жок кылынды. Франциянын президенти Франсуа Олланд өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыялады.