Магнитогорскидеги трагедия

2018-жылдын 31-декабрынын таңында газ баллон жарылып, 10 кабат үй урап түшкөн. Эртеси 11 киши каза таап, беш адам дайынсыз болуп жатат деген маалымат берилген. 3-январдагы маалыматта кырсык 37 кишинин өмүрүн алганы, куткаруучулар дагы 5 кишинин сөөгүн издеп жатканы айтылды.