Түкүргөндөргө салынган айып пул

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө 5500 сом айып салынат. Ал эми юридикалык жактар 17 миң сом төлөйт.

Айып пулдун көлөмү коомдо түрдүү пикирлерди жаратты. 

Ал ортодо өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев белгиленген айып пулдун көлөмүн карап чыгуу керек экенин айткан.