Кара-Сууда эки баланын өмүрүн алган кар көчкү

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 19-февраль күнү таңга жуук кар көчкү жүрүп, эки үйдү басып калган. Ичиндеги адамдарды жергиликтүү тургундар чыгарып, бир үй бүлөнүн 3 жана 4-класста окуган уул-кызы каза болгон. Жалпы жонунан 11 киши жабыркап, 10 киши ооруканага жеткирилген.