Улуттук банктын төрагасынын алмашышы

28-сентябрда Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы кызматынан кетип жатканы белгилүү болду. Ошол эле күнү анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаев келери айтылды. 29-сентябрь күнү Абдыгулов Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болорун билдирди.