Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы

Кыргызстан СССРдин башка мамлекеттери сыяктуу эле быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдайт. Мааракелик дата жалпы элдик майрам катары жогорку деңгээлде белгиленет.
2020-жылдын март айына алынган маалымат боюнча Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт. Жөлөк пулдан тышкары аларга быйыл бир көрсөтүлчү жардам катары 75 миң сомдон берилет.